SerepTV Logo

30-сентябрда Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

30-сентябрда Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт
"Бишкек суу канал" башкармалыгынын маалыматы боюнча, 30-сентябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда суу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Сууну өчүрүү "Тоголок Молдо" суу алгычында оңдоо-профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу. Панфилов, Фрунзе, Манас көчөлөрү жана темир жол линиясы чектешкен аймакта суу өчүрүлөт. Мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарынан  суу камдап алууну суранат.