SerepTV Logo

30-ноябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

30-ноябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 30-ноябрда түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +1… + 6, күндүз +4 … +9, Талас облусу түнкүсүн -11…+4, күндүз + 3…8, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0 … + 5, күндүз +6 … +11, Ысык-Көл облусу түнкүсүн 0…-5, күндүз +4 … +9, Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0 … +5. Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +5…+7 градус болот.