SerepTV Logo

30-мартка алынган аба ырайы тууралуу маалымат

30-мартка алынган аба ырайы тууралуу маалымат
Кыргызстанда 30-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, айрым жерлерде 0…-2, күндүз 1…6; Суусамырда түнкүсүн -6…-11, -1…-6; Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6; Баткен облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11; Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6; Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4; Бийик тоолордо түнкүсүн -18…-23, -4…-9 градус суук болот. 30-мартта Бишкек шаарында жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 3…5 градуска чейин жылыйт.
Unknown Author