SerepTV Logo

30-майга карата өлкөдөгү аба ырайы

30-майга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 30-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +14...+19, күндүз +30…+35; Талас облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +29…+34; Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28; Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27; Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +33…+35 градус болот.