SerepTV Logo

30-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

30-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 30-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн +10…+15, күндүз +19…+24; Таласта түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26; Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23; Нарын жергесинде түнкүсүн +6…+11; күндүз +17…+22; Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын табы түнкүсүн +13…+15, күндүз +22…+24 градус жылуу болот.