SerepTV Logo

3-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

3-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 3-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4; Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5; Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…-6; Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6°, күндүз 0…+2° болот.