SerepTV Logo

3-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

3-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 3-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир жерлеринде жамгыр жаайт, тоолуу райондордо кар күтүлөт. Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир жерлеринде жамгыр жаайт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында жаан-чачын катуу болот. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы
  • Чүй облусу
    түнкүсүн: +1...+6°С
    күндүз: +13...+18°С
  • Талас облусу
    түнкүсүн: +1...+6°С
    күндүз: +11...+16°С
  • Баткен облусу
    түнкүсүн: +9...+14°С
    күндүз: +18...+23°С
  • Ош, Жалал-Абад облустары
    түнкүсүн: +9...+14°С
    күндүз: +18...+23°С
  • Ысык-Көл облусу
    түнкүсүн: +2...+7°С
    күндүз: +12...+17°С
  • Нарын облусу
    түнкүсүн: +1...+6°С
    күндүз: +12...+17°С
Бишкекте түнкүсүн жамгыр жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн: +2…+4°С, күндүз: +14…+16°С.
edita