SerepTV Logo

3-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

3-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
3-октябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18; Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18. Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 22…24° жылуу болот.