SerepTV Logo

3-мартка карата өлкөдөгү аба ырайы

3-мартка карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 3-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгалак болот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +1…+6; Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7; Баткен облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +6…+11; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5,күндүз +6…+11; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8; Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3; Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0...+2, күндүз +4...+6 градус болот.
edita