SerepTV Logo

3-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы

3-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 3-июнда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +30...+35; Талас облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +30...+35; Баткен облусунда түнкүсүн +17...+22, күндүз +32...+37; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +32...+37; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +23...+28; Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +23...+28; Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20 градус, күндүз +33…+35 градус болот.