SerepTV Logo

3-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы

3-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 3-июлда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөн зонасында, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36: Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз+30…+35; Баткен облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32; Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26; Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +21…+23 градус, күндүз +34…+36 градус болот.