SerepTV Logo

3-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

3-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, 3-февраль күнү Кыргызстандын аймагында кар жаабайт. Айрым жерлерде туман түшүшү ыктымал. Жолдор тоңголок болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүзү 2…7 градус; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүзү 4…9 градус; Баткен облусунда түкүсүн -2…-7, күндүзү 5…10 градус; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүзү 5…10 градус; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүзү 1…6 градус; Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүзү -4…+1 градус болот. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок болот. Абанын түнкү температурасы -9…-11° суук, күндүзгү температурасы 4…6° жылуу болот.