SerepTV Logo

29-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

29-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Талас, Жалал-Абад облустарынын айдоо аймактарында, ошондой эле Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

Аба ырайынын температурасы:

  • Чүй облусу түнкүсүн +8…+13°, күндүз +24…+29°

  • Талас облусу түнкүсүн +4…+9°, күндүз +22…+27°

  • Баткен облусу түнкүсүн +12…+17°, күндүз +25…+30°

  • Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн +12…+17°, күндүз +25…+30°

  • Ысык-Көл облусу түнкүсүн +6…+11°, күндүз +18…+23°

  • Нарын облусу түнкүсүн +1…+6°, күндүз +18…+23°

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкү минималдуу температура +11…+13°, күндүз максималдуу температура +26…+28°.

info