SerepTV Logo

29-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

29-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 29-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Жалал-Абад облусунун бир аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар түшөт жана айрым жерлерде туман болот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14, Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз +5…+10, Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8. Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +6…+8 градус жылуу болот.