SerepTV Logo

29-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

29-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 29-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жаан карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11; Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10; Баткен облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9; Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10; Бишкек шаарында түнкүсүн кар, жаан, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2°, күндүз +9…+11° болот.