SerepTV Logo

29-мартка карата аба ырайы: Кайрадан суук түшөт

29-мартка карата аба ырайы: Кайрадан суук түшөт
Эртең, 29-мартта Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүп, абанын температурасы төмөндөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди. Маалыматка ылайык, түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +1…+6; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9; Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6; Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 0…+5; Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +7….+12; Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +4…+6 градус болот.
Unknown Author