SerepTV Logo

29-майга карата өлкөдөгү аба ырайы

29-майга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 29-майда түнкүсүн Ысык-Көл жана Ош облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаайт, башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35; Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +29…+34; Баткен облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28; Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28; Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19 градус, күндүз +33…+35 градус болот.