SerepTV Logo

☀️ 29-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы

☀️ 29-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 29-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Түштөн кийин Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облусунда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36; Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз+31…+36; Баткен облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +33…+38; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +33…+38; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29; Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +25…+30; Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19 градус, күндүз +34…+36 градус болот.