SerepTV Logo

29-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

29-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 29-июлда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт.  Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.  Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35 Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33 Баткенде түнкүсүн +19…+24, күндүз +30…+35 Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +31…+36 Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31 Нарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31 Бишкекте түнкүсүн +20…+22, күндүз +32…+34 градус болот.
edita