SerepTV Logo

28-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

28-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 28-январда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан жаабайт. Жолдор тоңголок болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7; Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 2…3; Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндуз -1…-2. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок болот. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6°, күндүз 3…5° суук болот.