SerepTV Logo

28-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

28-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 28-ноябрда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +18…+23, Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +16…+21, Баткенде түнкүсүн -1…+3, күндүз +13…+18, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +4…+9, Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…+5. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +18…+20 градус жылуу болот.