SerepTV Logo

28-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

28-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
28-29-март күндөрү Кыргызстанда аба ырайы туруксуз болот. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жаан жаап, карга айланат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +3…+8; Талас жергесинде түнкүсүн -1…-3, күндүз +1…+6; Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11; Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1 градус болот. Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, кечке жуук карга айланат. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3°, күндүз +5…+7° болот.