SerepTV Logo

28-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

28-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 28-майда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы: Чүй дубанында түнкүсүн +9...+14, күндүз +20...+25; Талас аймагында түнкүсүн +8...+13, күндүз +16...+21; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +22...+27; Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +6...+11, күндүз +18...+23; Нарын  жергесинде түнкүсүн +5...+10; күндүз +15...+20; Ал эми борбор калаа Бишкекте жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+12, күндүз +21...+23 градус жылуу болот.