SerepTV Logo

28-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы

28-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 28-июлда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +18 … +23, күндүз + 31 … +36; Талас облусунда түнкүсүн +13 … +18, күндүз +29 … +34; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн + 20 … +25, күндүз +33 … +38; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13 … +18, күндүз +27 … +32; Нарын облусунда түнкүсүн +12 … +17, күндүз +27 … +32 градус ысык болот. Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +21 … +23, күндүз +34 … +36 градус ысык болот.