SerepTV Logo

28-февралга карата аба ырайы

28-февралга карата аба ырайы
28-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт, бирок жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз -4…-9; Талас облусунда түнкүсү -8...-13, күндүз -3…-8; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -3…-8, күндүз -5…-10; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5; Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6; Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -24…-29, күндүз -5…-10 градус болот. Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11, күндүз -5…-7 градус болот.
Unknown Author