SerepTV Logo

28-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

28-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 28-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35; Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 29…34; Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24; Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26; Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 33…35° болот.