SerepTV Logo

27-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

27-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 27-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27; Баткен облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21; Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23. Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12°, күндүз +25…+27° жылуу болот.
edita