SerepTV Logo

27-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

27-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 27-сентябрда Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймагында, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абаддын тоолуу райондорунда жаан жаайт, тоолорго кар түшөт. Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан, тоолуу райондорго кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +14…+19, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +21…+26, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +13…+18, Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19. Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +16…+18 градус болот.