SerepTV Logo

27-мартка чейин өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

27-мартка чейин өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Кыргызгидромет 23-марттан 27-мартка чейин өлкөдө күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
  • Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы
23-мартта күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 24-мартта түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 24-мартта күндүз жана 25-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 25-мартта күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. 26-мартта түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаашы мүмкүн. 26-мартта күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын жаашы мүмкүн. 27-мартта Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
  • Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы
23-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 24-мартта түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. 24-мартта күндүз, 25-мартта жана 26-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 26-мартта күндүз жана 27-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн.
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы
23-мартта күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 24-мартта түнкүсүн жана эртең менен Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 24-мартта күндүз жана 25-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 25-мартта күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. 26-27-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кээ бир райондордо катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
  • Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы
23-мартта күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 24-25-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 26-мартта түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 26-мартта күндүз жана 27-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
  • Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы
26-мартка чейин түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 26-мартта күндүз жана 27-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн.
  • Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы
23-мартта күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 24-мартта түнкүсүн жана эртең менен кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 24-мартта күндүз жана 25-мартта жаан-чачын болбойт. 26-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 26-мартта күндүз жана 27-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. 27-мартта күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.