SerepTV Logo

27-майга карата өлкөдөгү аба ырайы

27-майга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 27-майда түнкүсүн Нарын облусунун айрым аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Жалал-Абад, Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык зонасында жана Ысык-Көл, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34; Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33; Баткен облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28; Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27; Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19 градус, күндүз +32…+34 градус болот.