SerepTV Logo

27-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы

27-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 27-июлда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +20 … +25, күндүз + 33 … +38; Талас облусунда түнкүсүн +15 … +20, күндүз +30 … +35; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн + 21 … +26, күндүз +34 … +39; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +14 … +19, күндүз +29 … +34; Нарын облусунда түнкүсүн +12 … +17, күндүз +29 … +34 градус ысык болот. Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +23 … +25, күндүз +36 … +38 градус ысык болот.