SerepTV Logo

27-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы

27-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 27-февралда өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтулбөйт. Жолдор тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз -1…-6; Талас облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз -1…-6; Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3; Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -4…-9; Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз -3…-5 градус болот.
edita