"26,9 миллион сом жумшалат". Таласта прокуратура кызматкерлери үчүн салынган үй оңдолот
Таласта прокуратура кызматкерлери үчүн салынган үй оңдолот. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жарыялады.
Сайтта жарыяланган маалымат боюнча, тендер Мамлекеттик курулуш комитетине караштуу турак-жай-жарандык курулуш департаментинин Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жарыяланган. 36 батирлүү турак үйдү реконструкциялоо жана капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 26 миллион 976 миң 403 сом жумшоо пландалууда.