SerepTV Logo

26-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

26-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 26-сентябрда Кыргызстанда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +7 … +12, күндүз +25 … +30; Талас облусунда түнкүсүн +2 … +7, күндүз +24 … +29; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10 … +15, күндүз +29 … +34; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8 … +13, күндүз +22 … +27; Нарын облусунда түнкүсүн +1 … +6, күндүз +22 … +27 градус жылуу болот. Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +7 … +9, күндүз +28 … +30 градус ысык болот.