SerepTV Logo

26-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

26-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 26-сентябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26; Баткен облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+20; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21; Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22. Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13°, күндүз +24…+26° жылуу болот.
edita