SerepTV Logo

26-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

26-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 26-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Күндүз жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусу түнкүсүн +3…+8, күндүз +9…+14 Талас өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +8…+13 Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18 Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15 Нарын жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14 Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8°, күндүз +11…+13° жылуу болот.