SerepTV Logo

26-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

26-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 26-ноябрда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +8…+13, Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10, Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз +1…+6. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +8…+10 градус жылуу болот.