SerepTV Logo

26-мартка карата алынган аба ырайы тууралуу маалымат

26-мартка карата алынган аба ырайы тууралуу маалымат
26-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолорунда кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 13…18; Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 13…18; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 7…12, күндүз 14…19; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16; Нарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15; Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -10…-15, күндүз 1…6 градус болот. Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 14…16 градус.
Unknown Author