SerepTV Logo

26-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

26-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 26-мартка караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13; Баткен облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12; Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14. Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын түнкү температурасы 0…-2°, күндүзгү температурасы +12…+14° болот.