SerepTV Logo

26 -мартка карата COVID-19дун жаңы 100 учуру катталды

26 -мартка карата COVID-19дун жаңы 100 учуру катталды

Кыргызстанда 26 -мартка карата COVID-19дун жаңы 100 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын ичинен 70 адамдан коронавирус инфекциясы лабораториялык жол менен тастыкталса, 30 адам пневмония менен кайрылган.

Бир сутка ичинде жалпысынан 62 бейтап айыкты, ал эми каза болгон учур катталган жок.

Кыргызстанда жалпы COVID-19 инфекциясынын 87 858 учуру катталды.

Жалпы айыккандардын саны 84 469 адам.

Каза болгондордун саны – 1494 адам.

Unknown Author