SerepTV Logo

26-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы

26-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 26-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаап, башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүйдүн өрөөн зонасында кар жаайт, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +21...+26; Талас облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +23...+28; Баткен облусунда түнкүсүн +16...+21, күндүз +30...+35; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +30...+35; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +20...+25; Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +20...+25; Бишкек шаарында түндүн биринчи жарымында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14 градус, күндүз +27…+29 градус болот.