26-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
26-июлга караган түнү өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38 Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28 Баткенде түнкүсүн +12…+17, күндүз +30…+35 Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39 Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39 Нарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33 Бишкекте түнкүсүн +21…+22, күндүз +36…+38 градус болот.