SerepTV Logo

26-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы

26-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 26-февралда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жерлеринде кар жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор  тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -5…-10; Талас облусунда түнкүсүн -14...-19, күндүз -5…-10; Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6; Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -7…-12; Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -15…-17, күндүз -6…-8 градус болот.
edita