SerepTV Logo

26-28-февралда суук болушу күтүлөт

26-28-февралда суук болушу күтүлөт
Кыргызгидромет маалымат таратып, 26-28-февралда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлүп жатканын билдирди. Бул күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Кээ бир аймактарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.