SerepTV Logo

26-27-сентябрда өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

26-27-сентябрда өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт
26-27-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 27-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Иссык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10°, күндүз +14…+19° Талас өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7°, күндүз +14…+19° Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн +8…+13°, күндүз +21…+26° тоо этектеринде түнкүсүн +1…+6°, күндүз +6…+11° Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз +8…+13° Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +3…+8°, күндүз +13…+18°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн +2…+7°, күндүз +14…+19°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3° сууктан…+2° жылуулука чейин, күндүз +3…+8°, бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7°, күндүз 0…+5° чейин төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы унаа кыймылы, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.