SerepTV Logo

25-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

25-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 25-сентябрда өлкө аймагында түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +22…+27; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +21…+26; Баткен облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +17…+22; Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +18…+23. Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9°, күндүз +25…+27° жылуу болот.
edita