SerepTV Logo

25-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

25-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
25-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23, Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24. Бишкекте күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +24…+26 градус болот.