SerepTV Logo

25-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

25-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
25-ноябрда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жок. Күндүз күн ачык болот. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15; Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5 градус жылуу болот. Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2° суук, күндүз 11…13° жылуу болот.