SerepTV Logo

25-мартта 106 кишиден коронавирус аныкталды

25-мартта 106 кишиден коронавирус аныкталды
Бүгүн, 25-мартка карата өлкөдө дагы 106 адамдан COVID-19 жана пневмония илдети аныкталды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, бир суткада Талас жана Нарын облустарында илдетти жуктуруп алгандар катталган жок.
  • Бишкек шаары – 61;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 40;
  • Ысык-Көл облусу – 1;
  • Жалал-Абад облусу – 1;
  • Баткен облусу – 2.
Өлкөдө коронавирус инфекциясы катталган күндөн бери жалпы 87 миң 758 адам жабыркады. Ал эми соңку сутка ичинде 68 бейтап коронавирус инфекциясынан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.
  • Бишкек шаары – 30;
  • Ош шаары – 4;
  • Чүй облусу – 25;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 7.
Республика боюнча айыккандардын саны 84 миң 407 болду.  Акыркы сутка ичинде коронавирус инфекциясынан Бишкекте дарыланып жаткан 2 бейтап каза тапты.  Республика боюнча 1 миң 494 адам коронавирус инфекциясынан көз жумду.
Unknown Author