SerepTV Logo

25-мартка карата өлкөдөгү аба ырайы

25-мартка карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 25-мартта Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Чүй облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +21…+26; Талас облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +20…+25; Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +3…+8, күндүз +21…+26; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +10…+15; Нарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +10…+15; Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +24…+26 градус жылуу болот.
edita